Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын каратэ-до курамасы АКШдагы мелдеште 12 медаль жеңди

Кыска кабар , Спорт | 17 Мар 2024 | 419 | 0

Кыргызстандын каратэ-до сётокан боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нью-Йорк шаарында (АКШ) өткөн EGN INTERNATIONAL KARATE NEW-YORK OPEN 2024 эл аралык мелдешинде 12 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичнен аотоо аотын, үчөө күмүш жана үчөө коло медаль.

Мелдешке 11 мамлекеттен келген 700дөн ашык спортчу катышты.

Алтын медалдын ээлери (кумитэ версиясы боюнча):

— Арнэл Саматов (6-7 жаш салмак Абс), Рауф Кыдыралиев (12-13 жаш салмак Абс), Абдибек Апсатаров (18-34жаш салмак -67кг).

Ката версиясы боюнча:

— Арнэл Саматов (6-7 жаш), Арууке Эргешова (12-13 жаш), Аскат Абдакимов (18-34 жаш).

Күмүш медалдын ээлери кумитэ версиясы боюнча:

— Эмир Жалалов (12-13жаш салмак Абс), Нуртилек Саидов (14-15жаш салмак Абс).

Ката версиясы боюнча:

— Рауф Кыдыралиев (12-13жаш).

Коло медалдын ээлери кумитэ версиясы боюнча:

— Каган Сапарбеков (6-7жаш салмак Абс), Арууке Эргешова (12-13 жаш салмак Абс), Аскат Абдакимов (18-34 жаш салмак +75кг).

Курама команда машыктыруучулар Абдибек Апсатаров жана Нурали Кисанбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM