Биз менен байланышыңыз

Президент балдардын саламаттыгы үчүн эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи

Кыска кабар | 16 Мар 2024 | 310 | 0

15-мартта президент Садыр Жапаров, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду. Ошондой эле мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады. Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды.

Ошондой эле өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу өлкө башчысы балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда орозо кармагандардын дуба-тилектеринин кабыл болушун, өлкөгө өнүгүү, калкка бакубатчылык каалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM