Биз менен байланышыңыз

Бишкек ШИИБи: Бир айлык текшерүүдө 40тан ашуун чөнтөкчү кармалды

Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 186 | 0

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы борбордо «Чөнтөк уурулукка жол жок!» аталышындагы рейд жүргүзүлгөнүн кабарлады.

Бир айлык текшерүүдө 400дөн ашуун милиция кызматкери иш алып барып, 40тан ашуун чөнтөкчүнү кармашкан. Арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да болгон. Андан тышкары чөнтөкчүлүк менен алектенген уюшкан беш топ жок кылынган.

Рейд маалында кылмышка шектүүлөрдөн ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор, акчалар, баалуу буюмдар табылган.

Бишкек милициясы чөнтөкчүлөрдөн жабыркагандар болсо, ички иштер органдарына кайрылып коюуга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM