Биз менен байланышыңыз

Марие Лукас: Бул жакта мугалимдер студенттерге аябай жакын болушат экен

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2024 | 1251 | 0

«Кош диплом» программасынын катышуучусу, магистрант Аман Курмангалиев жана Марие Лукас эки университеттин айырмачылыктарын айтып беришти.

«Бул жактагы мугалимдер студенттерге аябай жакын болушат экен. Мен окуган университетте мугалимдер студенттер менен анчалык байланыш кура беришпейт. Ал жакта сабагын өтүп эле өзүнүн иштери менен болушат.

Андан тышкары, бул жерде аябагандай көп иш-чаралар болот экен. Мени конок катары өтө жогорку деңгээлде тосуп алып, баары колунан келишинче жардамын берип жатат», — деди Марие Лукас.

Анын айтымында, кыргыз тили орус тилине караганда үйрөнүүгө дагы да оңой. Кыргызстандын маданияты аябай бай келип, өзгөчө тамактары жаккан. Ал эми адамдар абдан меймандос жана дайыма жардам берүүгө умтулушат.

«Ал жактын окуу системасында биздикинен чоң айырмачылыктар бар. Бизде бирден бешке чейин бааласа, аларда бирден жыйырмага чейин баалашат. Эң кызыгы, канчалык мыкты студент болсоң да, он сегизден өйдө балл алалбайсың», — деди Курмангалиев.

Курмангалиевдин айтымында, ал жакка биринчи барганда кыйынчылыктар болгон. Себеби ар улуттан келген студенттер менен чогуу окуйсуң.

Кабыл алуу качан болот?

«Кош диплом» программасына апрель айынан тарта кабыл алуу башталат. Кызыккандар «Ала-Тоо» университети менен байланышса болот. Кабыл алуу экзамендери июнь айында өткөрүлөт. Бул эл аралык программа болгону үчүн каалаган студент тапшыра алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM