Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык студенттер «кош диплом» программасына катыша алат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2024 | 1319 | 0

Студенттер эки университеттин дипломун ала алышат. Бул тууралуу «Ала-Тоо» университетинин «кош диплом» программасынын координатору Кыялбек Акмолдоев «Маралдын» түз эфиринде айтты.

«Эл аралык «Ала-Тоо» университети дүйнөдөгү көптөгөн окуу жайлар менен иштешет. Алардын ичинде Корея жана Европа өлкөлөрү бар. Ошонун негизинде Франциянын Клермон-Оверни университети (Clermont Auvergne University) менен эки окуу жайдын студенттерин алмашып окууларын уюштурганбыз. Бул программанын негизинде биздин университетке Франциядан үч студент келип, изилдөө өткөрүп кетишти. Ал эми бизден эң аз дегенде жылына үч студент бир семестр окуп келишет. Бул университет менен 2019-2020-жылдан бери эле тыгыз иштешип келебиз. Биздин студенттер «Ала-Тоо» университетинин жана Франциядагы келишим түзгөн университеттин дипломун алышат. Бул программаны экономика багытында жана магистратура жаатында ачтык. Биздин максатыбыз Кыргызстандын экономикасына салым кошо турган, дүйнөлүк деңгээлде экономикадан кабары бар кадрларды чыгаруу», — деди Акмолдоев.

Бул университетке баруу үчүн француз тилин билүү шартпы?

Француз тилин билүү шарт эмес. Себеби сабактар англис тилинде жүргүзүлөт. Ал жакка жөнөтүп жатканда англис тили жана окуу деңгээли бирдей каралат. Ал эми француз тили кошумча сабак катары берилет. Көчөдө же башка жерде болобу, сөзсүз керек болот.

Андан тышкары Франция элчилиги менен тыгыз байланыш түзүлгөн. Алар студенттер тилден кыйналбашы үчүн французча китептерди бекер эле алып келип берүүнү пландап жатышат.

Студенттер кандай критерийлер менен тандалып алынат?

Студенттер ал жакка алты айга барышат. Тандап жатканда жакшы окуганына карап, орточо баллы 85тен жогорулар алынат. Эң негизгиси, англис тилин мыкты деңгээлде билиши шарт. Ал жакта бекер жана стипендия алып окушат. Андан тышкары студенттин өз каражатына окуй турган варианты да бар.

Алдыда кайсы өлкөнүн университеттери менен келишим түзүлөт? 

«Ала-Тоо» университетинин алдыдагы планы: «кош диплом» программасын дагы да көбөйтүү. Бул жаатта Корея жана Германия өлкөсүндөгү университеттер менен келишим түзүлгөн. Түндүк Америка университетинде IT-тармагында бир студент окуп жатат. Америка университеттери менен да сүйлөшүү жүрүп, студенттерди «кош диплом» программасы аркылуу жөнөтүүнү максат кылышууда.

Кабыл алуу качан болот?

«Кош диплом» программасына апрель айынан тарта кабыл алуу башталат. Кызыккандар «Ала-Тоо» университети менен байланышса болот. Кабыл алуу экзамендери июнь айында өткөрүлөт. Бул эл аралык программа болгону үчүн каалаган студент тапшыра алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM