Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министринин орун басарлары толук алмашты

Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 150 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйруктун негизинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басарлары Мурат Раматов, Маил Алияскаров, Айнура Туйбаева кызматынан бошотулду.

Мурат Раматов бул кызматка 2022-жылы декабрда, Маил Аскаров 2023-жылы августта, Айнура Туйбаева 2023-жылы июнда келген.

Акылбек Жапаровдун тескемеси менен бошогон орундарга Кубат Касеинов, Асел Кененбаева, Мирбек Дүйшеев дайындалды.

Кубат Касеинов 2012-жылы да айыл чарба министринин орун басары кызматын аркалаган. Буга чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп турган.

Асел Кененбаева «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары кызматынан которулуп келди.

Мирбек Дүйшеев 2018-жылдан бери Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинде жетекчинин орун басары кызматын аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM