Биз менен байланышыңыз

Финансы министрлиги Кыргыз-Жапон өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 124 | 0

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Токиого жасаган иш сапарынын алкагында Япония финансы министринин орун басары Масато Канда менен жолугушту.

Кездешүүдө Кыргыз-Жапон өнүктүрүү фондун түзүү талкууланды. Фондду түзүү инвестицияга, модернизацияга жана өнөр жайды өнүктүрүүгө, ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты, соода жүгүртүүнү жакшыртууга салым кошору белгиленди.

Мындан тышкары тышкы карызды климаттык долбоорлорго тиешелүү каржылык ресурстарды инвестициялоо аркылуу алмаштыруу маселеси көтөрүлдү.

Ошондой эле Жапон Өкмөтүнүн мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча Гранттык программасын (JDS) ишке ашыруу сүйлөшүлдү. Айта кетсек, JDS долбоору Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Япониянын ЖОЖдорунда магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар каржылык башкаруунун маалыматтык системасын реформалоодо тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM