Биз менен байланышыңыз

Кочкорго, Ысык-Атага, Чүйгө жаңы акимдер дайындалды

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 306 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта айрым райондордун акимин алмаштырган тескемеге кол койду.

Тескемеге ылайык, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов ээлеген ордунан бошоп, ордуна Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев дайындалды.

Кочкор районуна Камил Чоткараев аким болуп бара турган болду.

Ошондой эле Чүй районунун акими Алмаз Аттокуров кызматынан алынып, анын ордуна Русланбек Тагаев жөнөтүлдү.

51 жаштагы Эрмекбай Омошев Кочкор районунун акими кызматына 2022-жылдын 4-июлунда дайындалган.

Ал эми Камил Чоткараев буга чейин Финансы министрлигинде эмгектенген.

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү, 54 жаштагы Русланбек Тагаев буга чейин Бишкек шаарындагы Ленин районунун акими кызматын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM