Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров фонддорду, банктарды айыл чарбаны колдоого чакырды

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 182 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Отурумда Бакыт Төрөбаев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жакынкы жылдары 11 тармак боюнча 100 ири бизнес долбоор баштай турганын билдирди.

Маалым болгондой, соода-логистика боюнча 12, айыл чарба техникалары боюнча 11, канаттуулар чарбасында 8, билим берүү жана илим жаатында 20, эт багытында 6, сүт багытында 7, балык чарбасында 14, мөмө-жемиш боюнча 3, жаңгак багытында 3, тыбыт, булгаары, кездеме багытында 6, аймактарды өнүктүрүүдө 12 долбоор ишке кирет. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн 24 млрд сом керектелет.

Төрага Акылбек Жапаров Өнүктүрүү институттарын, мамлекеттик банктарды Кыргызстандын агроөнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган 100 ири долбоорду активдүү колдоого чакырып, он күндүн ичинде далилдүү чечимдер менен келүүнү тапшырды.

«Өнүктүрүү институттарынын, коммерциялык банктардын жетекчилери даяр долбоорлор турат, эми каржылоону баштаңыздар. Он күндүк мөөнөттө тизмени киргизиңиздер. Сметасы 200 миң долларга чейинки долбоорлорду өзүңүздөр карай берсеңиздер болот, калган бардык долбоорлор Министрлер кабинети менен макулдашылсын», – деди Акылбек Жапаров.

Жыйынга Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин курамына кирген мамлекеттик органдар, Кыргызстан-Орусия, Кыргызстан-Өзбекстан, Кыргызстан-Венгрия, Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонддору, «Айыл банк», «РСК банк», «Керемет банк», Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарын өнүктүрүү фонддору жана башкалар катышты.

Белгилей кетсек, долбоорлорду ишке ашырууга мамлекеттик органдар, Президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү, Бишкек, Ош шаарлары милдеттендирилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM