Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө ШКУнун эл аралык марафону өтөт

Кыска кабар , Спорт | 14 Мар 2024 | 397 | 0

Быйыл 4-майда Ысык-Көлдө Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында «Жибек –Жолунда чуркоо» аталышындагы эл аралык  марафон өтөт. Ар кандай курактагы жана квалификациядагы 3 миңден ашык жөө күлүктөрдүн катышуусу күтүлүүдө.

Жарыш 42, 21, 10 жана 3 чакырымга чуркоо боюнча өтөт.

Марафондун катышуучулары медаль жана белектер менен сыйланат. Алгачкы алты орунду ээлеген марафон жана жарым марафон катышуучуларына акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Эң жогорку көрсөткүч менен айырмаланган катышуучулар эл аралык абройлуу мелдештерге жолдомо утуп алышат.

Жарышка катышуу үчүн марафондун расмий сайтында жеке кабинетти ачып, анкета толтуруу керек. Каттоо 3-майга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM