Биз менен байланышыңыз

Президенттин балдар укугу боюнча экс-өкүлү Эмгек министрине орун басар болду

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 141 | 0

Жыпариса Рысбекова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

2021-жылдын 5-майында кол коюлган Башмыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, Президенттин балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кызматы киргизилген. Бул кызматка ошол эле жылдын 19-майында Жыпариса Рысбекова дайындалган.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 22-мартында Жыпариса Рысбекованы кызматынан алып, ордуна Асел Чынбекованы бекиткен.

Айта кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басарлары Нурдөөлөт Базарбаев менен Жаңыл Алыбаеваны кызматынан алган буйрукка кол койгон.

Алардын кызматтан кетишине Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев менен Гуля Кожокулованын сыны себеп болгону маалымат каражаттарында айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM