Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти Талгар Жакшылыков дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 169 | 0

Кыргыз эл артисти, атактуу опера ырчысы Талгар Жакшылыков 60 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын басма сөз кызматы билдирди.

Талгар Жакшылыков 1964-жылы 23-октябрда Казакстандын Алматы облусунда төрөлгөн. 1986-жылы Ысык-Көл облусундагы Ыбырай Туманов атындагы окуу жайды, 1993-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. 1998-2000-жылдары Италиянын Кальи шаарындагы Мар­во Дель Монако академиясынан тажрыйбалык курстан өткөн.

Эмгек жолун 1986-жылы А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын хорунда ырдоо менен баштаган. 2001-жылы Астана шаарындагы опера жана балет театрында иштеп, көп өтпөй Кыргызстанга кайтып келип, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип жаткан.

1991-жылы Орто Азия жана Казакстан аймактык кароо-сынагында «Үмүт» сыйлыгына татыган. 2003-жылы Кыргыз эл артисти ардак наамы ыйгарылган. 2006-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы сыйлыгы берилген.

Кыргыз улуттук опера жана балет театрында эмгектенген жылдары Насыр Давлесовдун «Курманбек» операсында Тейитбектин, Пётр Чайковскийдин «Иоланта» операсында Рене падышанын, Александр Бородиндин «Князь Игорь» операсында Кончактын, Шарль Гунонун «Фауст» операсында Мефистофелдин, дагы башка ушул сыяктуу көрүнүктүү ролдорду ойгогон. Аны менен катар дүйнөлүк жана кыргызстандык композиторлордун ырларын, романстарын чебер аткарган. Көптөгөн өлкөлөрдө чыгармачылык сапарда болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM