Биз менен байланышыңыз

Эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны Оштон кармалды (видео)

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 129 | 0

Эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны Ош облусунан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Өзбекстандын Анжиян облусунда 1973-жылы туулган К.Ш.Т.га «диний экстремисттик ишке катышкан, конституциялык түзүлүшкө кол салган» деген айып коюлуп, эл аралык издөө жарыяланган.

Кармалган адам Жазаларды аткаруу кызматынын №5 тергөө абагына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM