Биз менен байланышыңыз

Дарыгерлерге кол салгандардын жазасын күчөтүү сунушталды

Кыска кабар | 14 Мар 2024 | 135 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары медициналык кызматкерлерге иш учурунда кол салгандардын жазасын күчөтүүнү демилгелеп чыгышты. 

Бул жааттагы мыйзам долбоору кечээ, 13-мартта коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечилер катары депутаттар Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов, Жылдыз Садырбаева, Айгүл Айдарова, Айсарахан Абдибаева көрсөтүлгөн.

Сунушталган мыйзам долбоорунда өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда медициналык же фармацевттик кызматкерлерди коркутуп, аларга карата зомбулук жасагандарга кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү каралган.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесине «Медициналык кызматкерлердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу» бөлүмү киргизилип, төмөнкү төрт пункт сунушталган:

  1. Медициналык кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда зомбулук көрсөтүү коркунучу менен мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук жаратуу, ден соолугуна жеңил залал келтирүү, олуттуу эмес материалдык (мүлктүк) зыян келтирүү эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдө айып салууга жазаланат;
  2. Ден соолукка анча оор эмес же оор залал келтирүүгө, ири зыян келтирүүгө алып келүүчү зомбулук аракеттерин колдонуу менен жасалган ошол эле жосун 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдө айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат;
  3. Ден соолукка өзгөчө оор залал келтирүүгө, өзгөчө ири зыян келтирүүгө алып келүүчү ошол эле жосундар үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат;
  4. Бейтаптын ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирүүгө алып келүүчү ошол эле жосун беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Аны менен катар «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 78-беренесине «медициналык кызматкерлердин ишине мыйзамсыз кийлигишкендерге, аларды сөккөндөргө, адепсиз жосундарды көрсөткөндөргө, анын ичинде ЖМК же соцтармактар аркылуу негизсиз каралагандарга 10 миң сом айып салуу» пункту киргизилген.

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештеги «Альянс» парламенттик фракциясынын лидери Жанарбек Акаев ушул маселени жалпы жыйында көтөрдү.

«Кечээ Ысык-Көлдө беш дарыгердин бир күндө иштен кетиши — биздин медицина үчүн чоң коңгуроо. Мындан аз убакыт мурун Улуттук госпиталдын дарыгери сабалды; андан соң Оштогу Психиатрия жана наркология борборунун дарыгери таяк жеди; көп өтпөй Улуттук госпиталдын Неврология бөлүмүнүн кош бойлуу медайымын чачынан сүйрөп жүрүп сабаган учур катталды. Врачтарыбызды таштап салдык, врачтарыбыз чүнчүп кетти. Бул расмий маалымат: 2023-жылы 2125 дарыгер иштен кетиптир. Жүздөгөн дарыгерлер Орусияга жумуш издеп кетип жатат. Ошондуктан Министрлер кабинети, Жогорку Кеңеш биригип туруп, дарыгерлерибизди коргойлу. Эгер ушундай темп менен кете берсек, бара-бара бүбү-бакшыларга күнүбүз түшөт», — деди Жанарбек Акаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM