Биз менен байланышыңыз

Ак-Талаадагы жең ичинен желген акчалар үчүн жети аткаминер камалды (видео)

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 111 | 0

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагындагы курулуштан желген акчалар үчүн жети кызматкер камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКга буга чейин Ак-Талаа районунда кызмат абалынан кыянат пайдаланган учурлар бар экени боюнча маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө маалымат тастыкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен иш ачылган.

Маалым болгондой, айыл аймактын жетекчилиги оңдоп-түзөөгө жооптуу тараптар менен жең ичинен келишип, капиталдык оңдоо иштери толук аягына чыкпаган футбол аянтчасын жана маданият үйүн текшербей туруп, өткөрүп алышкан. Натыйжада мындан мамлекет 3 млн 400 миң сом зыян тарткан.

Бул фактынын негизинде Ала-Буга айыл аймагынын башчысы С. М. Д., орун басары А. К. И., Нарын аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын улук инспектору М. З. М., Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн жетекчиси А. Р. К., «Кыргызбилдкомпани» ЖЧКсынын директорунун орун басары И. С. Р., «Эл-Эр» ЖЧКсынын директорунун орун басары Н. К. Ч., курулушка жеке техникалык көзөмөл жүргүзүүчү К. Н. Ж. кармалып, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM