Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облустук жер ресурстары кызматынын директору кармалды

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 171 | 0

Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад облустук филиалынын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Шектүү Р.Э.И.ге «Москва райондук жер ресурстары кызматынын жетекчиси кызматын ээлеп турганда, коррупциялык иштерге барган» деген айып коюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси менен иш козголгон.

Маалым болгондой, Р.Э.И. Москва районундагы «жер мафиясынын мүчөлөрү» менен жең ичинен сүйлөшүп, трансформация жол-жобосунан расмий өтпөгөн жер тилкелерине мыйзамсыз мамлекеттик акты чыгарып берген.

Шектүү 11-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM