Биз менен байланышыңыз

Руслан Акун: Өз жерибизде эле оокат кылсак Кудай берекесин берет

Блог | 13 Мар 2024 | 1041 | 0

Кинорежиссёр Руслан Акун тарткан «Бейиш эненин таманында» тасмасы учурда көрүүчүлөрдү эң көп топтогон тасмалардын катарын толуктады. Кинотеатрларга билет таппай, узун кезекке тургандардын катары суюлбай келет. Албетте, айрымдар тасманы мактаса, сынга алгандары да жок эмес. Бул жаатта биз кинорежиссёрдун өзү менен маектешүүнү туура көрдүк. 

— Акыркы убакта «Мурас» сериалын тарттыңыздар, «Салам Европа» тасмаңыз чыкты. Жакында «Бейиш эненин таманында» тасмаңыз да кинотеатрларга чыгарылды. Чет өлкөдө жүрсөңүз, мунун баарына кантип жетишип жатасыз?

— Бул нерсе дароо келген жок. Канча жылдан бери топтолуп келген тажрыйбанын натыйжасы. Учурда такшалып калган командабыз, өнөктөштөрүм бар. Ушулардын арты менен ийгиликтер жаралып жатат десем болот.

Март айынан баштап «Студенттик жатаканадан чыккан миллионерлер» аталышындагы сериалыбыз көрүүчүлөргө сунушталат. Ошондо быйыл төрт чоң долбоорду элге тартууладык. Муну менен гана токтоп калбай, эмгектене беребиз. «Жаш режиссёрлордун жана жаңы таланттардын дебюттарын колдогон киномектеп ачсакпы?» деп ойлонуп жатабыз. Мисалы, «Мурас» сериалы режиссёр Тынчтык Абылкасымовдун дебюттук тасмасы болду. Манас Калдаров «Рецепт счастья» аттуу дебюттук тасмасын тартып, режиссёрлук дараметин сынап көрдү. Андан кийин «Агай» сериалын тартты. Анан «Студенттик жатаканадан чыккан миллионерлер» сериалына режиссёр болду. Киномектептин максаты жаш режиссёрлорго ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп эсептелет.

— «Бейиш эненин таманында» тасмаңыз башында «Хадж» деп чыккан. Кийин кайра өзгөрдү. Буга эмне себеп болду?

— Мисалы, «Агай» сериалын алгач «Ачык сабак» деп атаганбыз. Бирок, ойлонуп көрсөк, тасма мугалим жөнүндө экен. Муну деле кыска-нуска угулушу үчүн «Хадж» деп атаганбыз. Бирок, изденип жатып, биз билдирели деген баалуулуктардын артынан «Бейиш эненин таманында» аталышы келип чыкты.

— Тасманы көргөн эл кандай сабак алат?

— Тасманын түпкү мааниси: «бири-бирибизге жакшылык кылалы, боорукер бололу» деген түшүнүктө. Баарыбыз үчүн Жараткандын алдына бара турган күн келет. Жооп бере ала тургандай жашашыбыз керек.

Буюрса, 21-марттан баштап Казакстанда, орозо айтта Өзбекстанда көрсөтүлөт. Тасма беш тилге которулганы жатат. Жакынкы арада орус тилине которулуп бүтөт, анан Орусияда көрсөтүлө баштайт. Ошондой эле араб, түрк тилдерине которулат.

— Тасмаңызда «Президенттин колдоосу менен» деп турат. Президент сизди жеке кабыл алдыбы?

— Жок, Президентке жардамчылары аркылуу байланыштык. Тасма жети өлкөдө тартылды. Биз ал жактарга расмий түрдө баргандыктан, чет өлкөлүктөрдүн бизге болгон көз караштары башкача болду. Эгерде Президент жана жардамчысы Абдыкадыр колдобогондо, биздин бюжет алда качан өксүп кетмек. Андай акчаны таба албай, балким, бул тасма тартылбай калмак.

Жогору тараптан «сценарийдин бул жерин өзгөрт, тигиндей кыл, мындай кыл» деген эч кандай цензура болгон жок. Эч бир шарты жок колдоп бергендери үчүн чыгармачыл киши катары ыраазы болдум.

— Тасмаңыздын башкы каарманы аутист бала экен. Мындай сценарий жазууга эмне түрткү болду?

— Мага «тасма тарталы» деп, актёр Эмиль Эсеналиев айтты. Андан аябай таасирлендим. Ал эми Эмилге тасманын идеясын белгилүү актёр Болот Тентимишов айтып бериптир. Болот байкеге барып, тасманы тартуу үчүн уруксат сурадык. Ал макулдугун берип жатып, «Сурабай деле тартып салсаңар, эмне демекмин, адалдаштырып койгонуңарга ырахмат», — деди. «Мен чыгармачыл киши катары сценарийди кандай көрсөм, ошондой жазам. Мага эркиндик керек», — десем, Болот Тентимишов: «Сага, Эмилге ишенем», — деди. Ошентип тасма тартылып калды.

Башында «тасмабыз элге пайдалуу болсо экен» деген ниет койдук. Ошону менен катар «кыргыз киносун дүйнөлүк деңгээлге бир аз да болсо көтөрсөк» деген максатыбыз бар.

— «Мурас» сериалында да майып адамдардын көйгөйүн көтөрүптүрсүз. Ушундай сериал, тасмалар коомдук аң-сезимди өзгөртө алабы?

— Биздин коом майыптарга боорукерлик менен мамиле кылат. Бирок биз аларды системалык түрдө унутуп калдык. Мисалы, имараттарга оңой кирип чыга алабы? Коомдук транспорткочу?

Биз майыптарды соо адамдар сыяктуу эле экенин көрсөткүбүз келди. Майып болсо да, укмуш билимдүү, ийгиликтүү адамдарды көрдүм. Алар тагдырга моюн сунуп отуруп калбастан, тынымсыз аракетте болушат экен.

Кыргызстан — биз үчүн мурас, Мекенден артык эч нерсе жок. Байкасаңыздар, азыр Кыргызстандын жарандыгынан кыргыздар чыгып, башка улуттар кирип жатат. Жараткан бизге ушундай бейиштей жерди насип кылыптыр. Эми көчмөндүктү токтотуп, бир жерге отурукташып, өз жерибизде эле оокат кылсак Кудай берекесин берет. «Мурас» сериалынан мен ушуларды айткым келген. Ата-бабаларыбыздан калган мурасты сактоону, өркүндөтүп өстүрүүнүн жолун кичинекей ашкана аркылуу билдирдик.

— Буга чейинки маектериңизде Кыргызстан Казакстан, Өзбекстан менен биргеликте кино тартканда, аудитория кеңеймегин айтып келгенсиз. Биргелешкен долбоорлор боюнча кандай аракеттер бар? Ушул жаңылыкты сиздерден күтсөк болобу?

— Күтсөңүздөр болот. Жогоруда айтып өткөн «Студенттик жатаканадан чыккан миллионерлер» сериалында кыргыз, казак, өзбек жигиттер жатаканада бир бөлмөдө жашап калышат. Үчөө нанга майонез сүйкөп жеп отурушуп, чогуу бизнес кылууну чечишет. «Үч башка жерденбиз, аларды бириктирсек, жакшы бизнес чыкчудай», — деп чогуу иш башташат.

Кудай буюрса, ушул долбоорубуз менен Кыргызстанга, Өзбекстанга, Казакстанга бирдей чыгып, тасма аркылуу коңшу өлкөлөргө көпүрө куруунун аракетиндебиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM