Биз менен байланышыңыз

Президент «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун чакыртып алды

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 206 | 0

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кабарлады.

«Буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору болду. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп, сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды», — деди Аскат Алагөзов.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору 55 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган. Документте 1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей турганы айтылган.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн Садыр Жапаров 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзүп, жетекчилигине Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовду дайындаган.

Бул мыйзамдын долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин эл аралык уюмдар, медиаэксперттер айтып келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM