Биз менен байланышыңыз

Жол боюна жарнак такта койгондорго 405 миң сом айып салынды (видео)

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 153 | 0

Жарнак тактаны жол боюна мыйзамсыз коюп алгандарга 405 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Текшерүү 6-8-март аралыгында жүргүзүлгөн. Рейд учурунда тийиштүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын, паннолорду, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, афишаларды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү жана башка жабдыктарды жол жээгине мыйзамсыз чыгарып алган 204 жаран аныкталып, 405 миң сом айып салынган. Ошондой эле 151 жаранга эскертүү берилген.

Жол жээктериндеги башаламан көрүнүштөргө жол бербөө, «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамдын талаптарын аткаруу максатында жасалып жаткан бул өңдүү иштер мындан ары да өткөрүлүп турары айтылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM