Connect with us

11 журналисттин үчөө үй камагына чыгып, сегизи абакта калды

Кыска кабар | 13 Мар 2024 | 330 | 0

Кечээ, 12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Темиров LIVE», «Айт, айт десе» долбоорлорунун мурдагы жана учурдагы журналисттеринин баш коргоо чарасын карады.

Соттун чечими менен Максат Тажибек уулу, Махабат Тажибек кызы, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Жоодар Бузумов, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков 13-майга чейин абакта калтырылды. Ал эми Сапар Акунбеков ден соолугуна байланыштуу, Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил катынын негизинде, Акыл Орозбеков дагы башка себеп менен үй камагына чыгарылды.

16-январдын таңында айтылган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталышууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM