Биз менен байланышыңыз

Абактагы адамга алып келген торттун ичинен телефон чыкты

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 134 | 0

№2 түзөтүү абагына киргизилген торттун ичинен чөнтөк телефон табылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалым болгондой, соттолгон С.К.га 32 жаштагы Ж.Б. аттуу адам тамак-аш, анын ичинде торт көтөрүп келген.

Абак кызматкерлери текшеришкенде торттун ичинен Samsung A15 уюлдук телефону чыккан.

Бул факт боюнча Ж.Б.га 17 миң 500 сом айып салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM