Connect with us

Түрк дарыгерлер Бишкекте органдарды алмаштыруу боюнча тажрыйба өткөрөт

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 265 | 0

Кыргызстандагы клиникалардын боор жана чучукту алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүүгө даярдыгын баалоо үчүн Бишкекке Түркиянын Инөнү университетинин ректору Ахмет Кызылай баштаган өкүлдөр келди.

Иш сапардын алкагында түрк дарыгерлер саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов менен бирге Улуттук хирургиялык борборго жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна клиникалардын органдарды алмаштыруу операцияларын жасоого даярдыгы менен таанышуу үчүн барышты.

Андан кийин аларды Президент Садыр Жапаров кабыл алды. Кыргызстандын мамлекет башчысы менен болгон баарлашууда адам органдарын трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, саламаттык сактоо уюмдарында жогорку технологиялык дарылоону киргизүү, ошондой эле өлүмдүн санын азайтууга багытталган чаралардын комплексин кабыл алуу боюнча келечек пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдө адам органдарын трансплантациялоо маселеси жаатында тажрыйба жок болгондуктан, жарандар аргасыз чет өлкөлөргө барып жатышканын билдирди.

Андан тышкары каржылык кыйынчылыктарга карабастан, өлкөдө трансплантация чөйрөсүндө дүйнөлүк илимдин өнүгүү темпин кармап, аракет кылып жаткан жогорку квалификациялуу адистер бар экенин айтты.

Ошондой эле быйыл 50 жаранга бөйрөк алмаштыруу боюнча акысыз операция жасаларын, ар бир операцияга мамлекеттик бюджеттен 7 миң доллар бөлүнүп жатканын маалымдады. Кийинки кадам боор алмаштыруу операциялары жаатында иштер башталарын айтып өттү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM