Connect with us

Бишкекте 124 автобус айдоочусу жол эрежеси боюнча экзаменден кулап калды

Кыска кабар | 12 Мар 2024 | 204 | 0

Бишкекте 124 автобус айдоочусу жол эрежеси боюнча экзаменден кулап калды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.

Борбордогу жол кырсыктарын болтурбоо максатында Бишкек шаардык кайгуул кызматы менен мэрияга караштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдүү өнүктүрүү агенттиги атайын экзамен өткөрүшкөн. Сынак «Унаа» мекемесинде жүргүзүлүп, ага 222 айдоочу катышкан.

Жыйынтыгында 98 айдоочу экзаменден ийгиликтүү өтүп, калган 124ү кулап калган. Алар кийинки этапта кайрадан тапшырып көрүшөт.

Экзамендин жыйынтыгында Бишкек шаардык  кайгуул кызматы айдоочулар арасында текшерүү-түшүндүрүү иштерин өткөрүшкөн. Жол коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү ташуудагы жол кырсыктарды болтурбоо, шаар тургундарына сервистик кызмат көргөзүү жана автобус айдоодо мыйзам бузуулардын алдын алуу эскертилген. 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM