Биз менен байланышыңыз

Балбан Улукбек Жолдошбеков Түркиядагы мелдеште алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 10 Мар 2024 | 585 | 0

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Улукбек Жолдошбеков Түркиядагы Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Күрөш 7-марттан 11-мартка чейин Анталия шаарында өтүүдө. Анда кыргызстандык балбан 65 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты. Бельгиялык, ирандык, азербайжандык жана казакстандык атаандаштарын жеңип, финалга чыкты.

Улукбек Жолдошбеков алтын үчүн беттеште азербайжандык балбанды жеңип, алтын медаль утту.

Буга чейин ушул эле мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш боюнча дагы бир балбаны Бекзат Алмаз уулу да алтын уткан. Бул мелдештерге Кыргызстандан жалпы 33 балбан барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM