Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды

Спорт | 9 Мар 2024 | 448 | 0

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Спортчу 60 кг салмакта күчүн сынаган. Шаршенбеков 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык спортчуну 9:0 эсебинде жеңди. Андан кийин чейрек финалда түркиялык балбанды 9:0 эсебинде артта калтырды.

Жарым финалда Шаршенбеков өзбекстандык спортчу 8:0 эсебинде жеңип, чечүүчү кармашта ирандык спортчуну 5:0 эсебинде жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Белгилей кетсек,  Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан спорттук иш-чара 7-мартта башталган, 11 -март күнү  аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM