Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов Түркиядагы турнирде жеңишти алдырып жиберди

Кыска кабар , Спорт | 8 Мар 2024 | 388 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын балбаны Акжол Махмудов Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турниринде экинчи атаандашына жеңилип калды.

77 кг салмакта килемге чыккан Акжол Махмудов 1/16 финалдан баштап күрөшүп,  алгачкы атаандашы түркиялык балбан Селчук Аккоюнду 5:1 эсебинде утуп алган.

1/8 финалда дагы бир түркиялык балбан Йүксел Сарычичекке 1:5 эсебинде жеңилип калды.

Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турнири кечээ, 7-мартта башталган. Кыргызстандан жалпы 33 балбан жөнөп кеткен. Мелдештер 10-мартта аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM