Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жөө күлүк Нурсултан Кеңешбековду сыйлоо салтанаты өттү

Кыска кабар , Спорт | 8 Мар 2024 | 299 | 0

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында Азиянын эки жолку чемпиону, жөө күлүк Нурсултан Кеңешбековду сыйлоо салтанаты өттү. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясы билдирди.

Салтанатка федерациянын өкүлдөрү, Ысык-Көл районунун акими, айылдык кеңештин депутаттары, айыл эли, окуучулар катышты.

Аземде Нурсултанга Жеңил атлетика федерациясы 100 миң сом, Ысык-Көлдүн акими 20 миң сом, айыл өкмөт башчысы 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырып, айылдаштары ат мингизишти. Андан тышкары «Айыл өкмөттүн ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Айта кетсек, жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Ирандын борбору Тегеранда, «Афтаб Энгелаб» спорт комплексинде өткөн Азия биринчилигинде имарат ичинде чуркоо боюнча эки жолу чемпион болгон.

Ал 18-февралдагы чуркоодо 1500 метр аралыкты 3 мүнөт 49,1 секундада басып өтүп, ошол эле мелдештин алкагында 20-февралда 3000 метр аралыкты 8 мүнөт 8 секундада чуркап өтүп, эки жолу алтын медаль тагынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM