Биз менен байланышыңыз

Статистика: Аялдар убактысынын 18%ын үй иштерине бөлөт

Блог | 8 Мар 2024 | 186 | 0

Бүгүн, 8-март – Аялдардын эл аралык күнү. Бул майрам 1975-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен расмий макамга ээ болуп, аялдардын укуктары жана эл аралык тынчтык үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келе жатат.

Майрам Кыргызстанда да салтка айланган. Буга байланыштуу Улуттук статистика комитети өлкөдөгү аялзатына байланышкан кызыктуу маалыматтарды жарыялады.

2024-жылдын башына карата Кыргызстандын калкы 7,2 миллион адамды түзүп, аялдар эркектерден көбүрөөк экени катталган.

Эркектердин орто курагы 27 жаш болсо, аялдардын орто курагы 29 жаш болуп эсептелет. Ошону менен бирге аялдар эркектерге караганда узак өмүр сүрөт. Тактап айтканда, аялдардын жашоо узактыгы орточо 76 жашты, эркектердики 68 жашты түзгөн.

Аны менен катар жылдык эсептөөлөр боюнча эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнөн 1,6 эсеге жогору экени аныкталган.

2022-жылы 48 миңден ашуун аял никесин каттаткан. Булардын ичинен 87%ы биринчи жолу турмушка чыгып жаткандар болгон. Кыздардын көпчүлүгү 20-29 жаш аралыктарында бүлө күтүшөт.

Никеге турган ар бир экинчи кыз 20-24 жашта, ар бир төртүнчү кыз 17-19 жашта, ар бир алтынчы кыз 25-29 жашта болгон. Биринчи никеси катталган келиндердин орточо курагы 24 жаш, экинчи ирет турмушка чыккан келиндердин орточо курагы 35 жаш деп эсептелген.

Орто эсеп менен келиндер тун баласын 23-24 жашында жарыкка алып келет. Негизинен көпчүлүгү үч балалуу болушат.

2018-2022-жылдар аралыгында төрөт саны 1,3%га азайган. Бул жылдарда көз жаргандардын 28,6%ы 25-29 жашта, 26,6%ы 20-24 жашта экени такталган.

2022-жылдагы маалымат боюнча эмгек курагындагы аялдардын иш менен камсыз болуусу 48%дан ашкан. Эмгектенген аялдардын орточо курагы 30-34 жашты түзгөн. Алар көбүнчө билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө, мейманкана, ресторан, соода-сатык тармагында иштешет.

2023-жылдын ноябрында өткөрүлгөн изилдөөдө аялдардын эмгек акысы эркектердикине салыштырмалуу 73,4%ды түзүп, 26,6%га аз алышары такталган.

2022-жылдагы изилдөөдө өз адистиги менен иштеген аялдардын 29%ы гана жогорку билимдүү экени аныкталган. Ал эми эркектерде бул көрсөткүч 19%ды түзгөн. Атайын орто кесиптик билими бар аялдар 17% болсо, эркектер 8% болгон.

2022-2023-окуу жылында мугалимдердин 86%ын аялдар, 14%ын эркектер түзгөн. Мунун ичинен башталгыч класстын мугалимдеринин баары аялдар болгон. Андан тышкары атайын орто окуу жайларда 73%, жогорку окуу жайларда 61% аялдар эмгектенет.

Кесиптик-техникалык окуу жайлардагы студенттердин 56%ы кыздардан турат. Андан тышкары жогорку окуу жайлардагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, экономика, башкаруу, тейлөө сыяктуу адистиктерде басымдуу көпчүлүгү кыздар окуйт.

Үй иштери көбүнчө аялдардын иштери болуп саналат, анткени аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18%дан ашыгын коротушуп, күн сайын орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй иштерине дээрлик беш эсе, балдарды тарбиялоого эки-үч эсе көп убакыт коротушат.

Мында айыл жана шаар жерлеринде жашаган аялдардын ортосунда олуттуу айырма белгиленет. Айыл жергесинде аялдар үй жумуштарына шаардагы аялдарга караганда 1,2 эсе көп убакыт сарпташат. Ошол эле учурда айылдарда иштеген аялдар орточо эсеп менен жуманын бир күнүндө 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда 4 саат үй тиричилиги менен алектенишет.

Аялдардын эс алуусунун активдүү түрү (спорт, сейилдөө) жумасына 1 саат 24 мүнөттү түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM