Биз менен байланышыңыз

Мектеп директорлору жаңы жобо менен дайындалат

Кыска кабар | 4 Мар 2024 | 273 | 0

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына жетекчилер жаңы жобонун негизде тандалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматкери Гүлмира Үмөталиева билдирди.

Маалым болгондой, директорлукка талапкерлер эки баскычтуу сыноодон өткөрүлөт. Алгач тест тапшырышат, андан кийин алты айлык сыноо мөөнөттөн өтүшөт. Андан татыктуу өткөндөр менен гана беш жылдык келишим түзүлөт. Мугалим директорлук кызмат орунга эки мөөнөттөн ашык отура албайт.

Мектеп директору болууну самагандарга «эки жылдан кем эмес мөөнөттө директордун орун басары (завуч) кызматын аркалашы керек» деген талап коюлуп жатат. Себеби тажрыйба болбосо, ишти аркалап кетиши кыйын экени буга чейинки процесстерде байкалган. Андан тышкары мугалимдик кызматта жети жылдан кем эмес убакыт иштегендер гана сынакка арыз бере алышат. Аны менен катар заманбап технологияны колдоно алуусуна, лидерлик, менеджерлик сапаттарына өзгөчө көңүл бурулат.

«Эң негизги талаптардын бири: өзүнө тиешелүү электрондук дарек аркылуу документтерди тиркеп жөнөтүшү зарыл. Эгерде электрондук дареги жок болсо, сынакка катыша албай калат. Жетекчи катары кызматка барып жаткан талапкер сөзсүз заман талабына жараша сабаттуу болушу шарт. Кызматтык орунга жайгаштыруу ачык жүрөт. Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык тармактарында түз эфирде көрсөтүлөт».

Билим берүү мекемелеринин жетекчилигине талапкерлердин арызын кабыл алуу бүгүн, 4-мартта башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM