Биз менен байланышыңыз

Газа тилкесинен келип, Кыргызстанда ашкана ачкан палестиндер

Блог | 4 Мар 2024 | 245 | 0

Кафия Саид менен анын уулу Адлфатах Саад Кыргызстанга мындан үч жыл мурда азыр согуш жүрүп жаткан Палестинадагы Газа тилкесинен келишкен. Учурда Бишкекке ашкана ачышып, тейлөө тармагында эмгектенип жатышат. Ишкерликтен түшкөн каражаттын 15%ын Газа тилкесине жардам катары жиберишет.

«Кыргызстанга уулум менен келдим. Жолдошум жана туугандарым Газада калды. Алар душмандар менен акырына чейин күрөшүү чечимин кабыл алышты. Биз тынч жашоону самап, Кыргызстанга келе бердик. Кыргызстан тууралуу интернеттен жана тааныштарыбыз аркылуу маалымат алдык. Биринчиден, Кыргызстанда негизинен мусулмандар жашайт, динибиз бир. Ошондой эле биздин Мекенибиз менен окшоштуктары көп. Эң башкысы, бул жерде жашоо коопсуз, максаттарды ишке ашырууга, мүмкүнчүлүктөргө бай өлкө. Каада-салттарда бир аз эле айырма болбосо, окшош эл экенбиз. Мисалы, бизде деле кыз узатуу салты бар».

Йемендик Мухаммед ал-Ятимдин Кыргызстанга келгенине төрт жылдын жүзү болуп калды. Мухаммед Кафияны апасындай көрөт. Ошондуктан чогуу иштеп, жардам берет. Кыргызга күйөө бала да болгон.

«Биздин өлкөдө мектепти ийгиликтүү аяктасаң, чет өлкөдө билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Мен Москва шаарында архитектура багытында бакалаврды аяктадым. Окуумду улантып, магистратураны окуу ниетим бар эле. Кыргызстанга бир айга эле келгем. Пандемия учуруна туш болуп калдым. Вирус жайылып баштаганда жол жабылып, эч жакка кетүүгө мүмкүн болбой калды. Анан бул жактан иштей баштадым, жумуштан жубайым менен таанышып, кийин баш коштук. Кайын журтум мени абдан жакшы кабыл алышты. «Эң башкысы, бактылуу болгула» деген тилегин айтып, батасын беришкен. Ата-энебиздин сөзүн эки кылбай, үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай багууга аркет кылып жатам».

Кыргызстанда байыр алган Кафия айым Газадагы акыркы абал тууралуу буларга токтолду.

«Газада жашоо жаман деп айтуудан алысмын. Бирок канча жылдан бери согуш токтобой, эчендеген күнөөсүз адамдар өлтүрүлүп жатат. Ал жакта жашагандарды өз үйүнөн мажбурлап чыгарып, айласыздан чатырда тиричилигин өткөрүшүүдө. Өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү барлар кетип жатышат, кете албагандар туш келди жерде жашоого аргасыз. Суу, жарык жок. Эң эле жүрөктү оорутканы: жаш балдардын көз алдыңдагы өлүмү. Ал жактагы кыйын жашоону сөз менен жеткире албайм. Туугандарыбыз менен сүйлөшүп турам. Көп учурда байланышуу кыйын. Кыргызстанга келгенибизде абдан жылуу кабыл алышты. Кыргыз эли меймандос эл келет экен. Тил табышуу оңой болду. Кыргызстандын кооздугуна суктанам, башка жерде жок табияты бар. Суусу абдан таза экен. Менимче, алдыда Кыргызстан мындан да туристтер көп келе турган өлкөлөрдүн бири болот. Ысык-Көлгө барып келдик, ал жер абдан кооз экен. Ал эми тамактардан өзгөчө кургатылган балыктар жакты».

Адлфатах Саад кыргызча бир топ сөздөрдү үйрөнүп калган. Бирок жергиликтүү эл менен эне тилинде баарлашайын десе, көпчүлүк орус тилинде жооп кайтарарын айтат.

«Газадан Кыргызстанга окууну аяктаган соң келдик. Мага бул жердин табияты абдан жакты. Кыргызча бир топ сөздөрдү үйрөнүп калдым. Бирок мен жергиликтүү тургундарга кыргыз тилинде кайрылсам, мага орусча жооп берип жатышат. Биз Кыргызстанда жашагандыктан кыргыз тилин үйрөнүү ниеттим бар. Балачагым согуш менен өттү десем болот. Адамдардын бомбага жарылып, өлүп жатканын өз көзүм менен көрүп өстүм. Газада жашоо жакшы, баары бар, бирок тынчтык жок. Каражат бар, бирок сатып алганга азык түгөнүп калат».

Газа тилкесинен келген палестиндер келечегин Кыргызстандан көрүшөт. Аларды кабыл алган кыргыз элине ыраазычылыгын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM