Биз менен байланышыңыз

Көк бөрүчүлөр камсыздандыруу полисин алышууда

Кыска кабар , Спорт | 3 Мар 2024 | 369 | 0

Улакчылар камсыздандыруу полисин ала башташты. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Нурлан Максүтов маалымдады.

Вице-президенттин айтымында, бул эреже улакчынын ден соолугун, өмүрүн камсыздоо максатында киргизилген. Эгер көк бөрүчү оюн учурунда жаракат алып калса, ошонун эсебинен акчалай кенемте төлөнүп берилет.

«Ар бир команда камсыздандыруудан өтүшү керек. Полис албагандар мелдештерге катыша албайт», — деди Максүтов.

Полистин эң төмөн баасы 2800 сом, ал эми камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы 200 миң сомго чейин болот. Алгачкы полисти Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасынын улакчылары сатып алган.

Айта кетсек, көк бөрү тартуу учурунда катуу жаракат алган учурлар көп катталат. Ал тургай, алардын арасында каза тапкандар, майып болуп калгандар да болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM