Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын балбандары Түркиядагы рейтингдик турнирге катышат

Кыска кабар , Спорт | 3 Мар 2024 | 376 | 0

Кыргызстандын балбандары Түркияда өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Yasar Dogu&Vehbe Emre эл аралык турнири 7-марттан 11-мартка чейин Анталья шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча төмөнкү балбандар барары анык болду:

Грек-рим күрөшүнөн:

  • Улан Муратбек уулу (55 кг)
  • Жоламан Шаршенбеков (60 кг)
  • Дастан Кадыров (63)
  • Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев (67 кг)
  • Адилхан Нурланбеков (72 кг)
  • Акжол Махмудов (77 кг)
  • Бекзат Орункул уулу (82 кг)
  • Атабек Азизбеков, Асан Жанышов, Азат Салидинов (87 кг)
  • Үзүр Жусупбеков, Бексултан Махмудов (97 кг)
  • Роман Ким (130 кг)

Кыз-келиндер күрөшүнөн:

  • Калмира Билимбек кызы (59 кг)
  • Айсулуу Тыныбекова (62 кг)
  • Нурзат Нуртаева (68 кг)
  • Айпери Медет кызы (76 кг)

Эркин күрөштөн:

  • Алмаз Сманбеков, Бекзат Алмаз уулу, Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг)
  • Улукбек Жолдошбеков, Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг)
  • Алибек Осмонов (65 кг)
  • Эрназар Акматалиев, Орозбеков Токтомамбетов (70 кг)
  • Адилет Маратбеков, Мухаммед Абдуллаев (79 кг)
  • Нуртилек Карыпбаев, Атай Изабеков (86 кг)
  • Нурболот Адыл уулу (92 кг)
  • Андрей Аронов (97 кг)
  • Аяал Лазарев (125 кг)

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев, кыз-келиндер боюнча улуттук кураманы башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков менен машыктыруучу Билимбек Капарбек уулу, эркин күрөш боюнча улуттук кураманы улук машыктыруучу Сүймөнкул Таабалды уулу, башкы машыктыруучу Руслан Мажинов жана 23 жашка чейинки балбандардын улук машыктыруучусу Ислам Тазабеков коштоп барат.

Yasar Dogu&Vehbe Emre — Түркияда жыл сайын өтүүчү эл аралык рейтингдик мелдеш болуп саналат. Турнир Дүйнөлүк күрөш уюму менен биргеликте уюштурулат. 2023-жылы 21-июндан 25-июнга чейин өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM