Биз менен байланышыңыз

Париждеги Олимпиада: Акжол Махмудовдун атаандаштары белгилүү болду

Кыска кабар , Спорт | 1 Мар 2024 | 808 | 0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында дагы эки атаандашы белгилүү болду.

Бул күндөрү Мексиканын Акапулько шаарында лицензиялык тандоо турнири өтүп жатат, жеңүүчүлөр Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.

77 кг салмакка чейинки категорияда олимпиадага жолдомону венесуэлалык жана кубалык балбандар алышты. Жалпысынан бул  салмак боюнча Парижде 16 спортчу күч сынашат.

Учурда Акжол Махмудовдо, Азербайжандык Санан Сулейманов, Армениядан Малхаз Амоян, Жапониялык Нао Кусака, Өзбекстандан Арам Варданян, кубалык Пена Флорес Йосванис жана колумбиялык Куэро Муноз Алексисде олимпиадага жолдомо бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM