Биз менен байланышыңыз

Кыргыздын кыйын айымдарын канчалык билесиз? (тест)

Блог | 7 Мар 2024 | 5101 | 4

8-март — Аялдардын эл аралык күнү бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Майрамды белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Учурда 8-март — дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет. Бирок коомчулукта «аялзатын сыйлап урматтоону бир эле күнгө байлабоо керек» деген ойлор да айтылып келет.

Дүйнөнүн түркүгү — эне. Алар бир колу менен дүйнөнү, бир колу менен бешик терметип келет. Кыргыз элинин тарыхында да сулуу, акылман жана баатыр кыздарыбыз из калтырып өткөн. Сиз кыргыз элинин мыкты  айымдарын канчалык деңгээлде билериңизди төмөндөгү тесттен текшерип көрсөңүз болот.

Кокон хандыгы кулагандан кийин жер жайнаган орустар толкуса кыргыздын кырылаарына көзү жеткен Курманжан датка, генерал Скобелевдин чакыруусуна көнүп, кандай иш-аракетке барат?

Correct! Wrong!

Бир гектар жерден 971 центнер кант кызылчасы жыйналып, бул рекорддук көрсөткүч болгон. Бул эмгекчил айым?

Correct! Wrong!

Кыз-келиндердин азаттыгы, теңчилиги, совет өкмөтүнүн идеологиясы үчүн күрөшүп, жашоосу трагедиялуу аяктаган айым ким?

Correct! Wrong!

"Соң-Көл чүрөгү" деп аталып, 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан актриса ким?

Correct! Wrong!

Кыргыз театрынын Умай энеси атыккан актриса ким?

Correct! Wrong!

Борбор Азиядагы эң биринчи президент айым?

Correct! Wrong!

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнөнүн, Азиянын канча жолку чемпиону болгон?

Correct! Wrong!

Сүрөттөгү кайсы айым?

Correct! Wrong!

Манастын жубайы Каныкейдин өз аты ким болгон?

Correct! Wrong!

Сайра Кийизбаева ким болгон?

Correct! Wrong!

Кайсы атактуу актрисаны "Көркөм өнөрдүн Жаңыл мырзасы" деп атап коюшкан?

Correct! Wrong!

Кайсы акча бирдиктеринде тарыхта орду бар аялдардын элестери түшүрүлгөн?

Correct! Wrong!

2023-жылы түрк дүйнөсүндө актриса Бакен Кыдыкееванын канча жылдыгы белгиленди?

Correct! Wrong!

Кыргыз киносунун тарыхында орду бар режиссер жана сценарист аялды атаңыз...

Correct! Wrong!

Айымдар
Жыйынтыгы:

Ой, кыргыздын тарыхта орду бар айымдары тууралуу мындан ары биле жүрүңүз
Жыйынтыгы:

Жакшы аракет кылдыңыз, тарыхтагы кыргыз аялдары тууралуу көп билет окшойсуз?
Жыйынтыгы:

Азаматсыз! Кыргыз тарыхында орду бар айымдарды дээрлик баарын билет экенсиз!

 

4 пикир

4 пикир

  1. Эркин

    08.03.2024 08:03

    Саламатсынарбы
    Майрамыныз менен эн мыкты аимдар!!!
    Жолунар шыдыр болсун

  2. Индира Акылбекова ДОО 1»Балажан»

    08.03.2024 11:20

    Бугунку майрамыныздар кут болсун 😘💐сиздерге чон рахмат ар Бир кыргыз жаран тарыхыбызды билишибиз керек,озубуздун денгээлибизди текшерип алдык.

  3. ДОО 1 “Балажан” Индира

    08.03.2024 13:07

    Саламатсызбы бугунку майрамыныздар менен 💐💐💐😘сиздерге чон рахмат ар бир инсан өз тарыхын билиш керек рахмат стздерге.

  4. Жыпариза

    09.03.2024 19:02

    Тест абдан жакты

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM