Биз менен байланышыңыз

Никеге турууда ден соолугунун абалы тууралуу маалымкат талап кылынат

Блог , Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2024 | 2291 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев «Маралдын» түз эфиринде Үй-бүлө кодексининин жаңы долбоору жөнүндө айтып берди.

Жаңы долбоордо үй-бүлөнү бекемдөө, баланы коргоо, ата-эне жоопкерчилигин күчөтүүгө олуттуу маани берилген.

Жаңы долбоор иштеп чыгуунун зарылчылыгы эмнеде? 

Үй-бүлө кодекси 2003-жылы кабыл алынган. 20 жылдын аралыгында болгону 22 жолу гана өзгөрүү кирген. Анда 80%ы аял менен эркектин ортосундагы милдеттер жазылып калган жана баланы коргоо маселеси «Балдар кодекси» менен ишке ашып келген. Бирок бүгүнкү күндө түгөйлөр ажырашуу убагында «ата-эненин укугу бийик турабы же баланын укугу бийик турабы?» деген сыяктуу көптөгөн маселелер жаралып келет.

Конституцияда жазылгандай, ар бир ата-эне баласын 18 жашка чейин багып өстүрүүгө милдетүү. Бул милдет жогоруда айтылган эки кодексте тең айтылган. Бирок көп учурда ата-эненин укугу балдардан төмөн болуп келди. Ошондуктан бул кодексти өзгөртүүгө көп себептер бар десек болот.

Ал эми балдар жөнүндөгү кодекстеги айрым нерселер башка мыйзамдарга карама-каршы келет. Мындан ары мыйзамдардагы карама-каршылыктар болбошу үчүн эки кодексти бириктирип, бир эле идеалдуу кодекстин үстүндө бир жылдан бери иштеп жатабыз. Атайын жумушчу топ иштеди жана Үй-бүлө кодексинин долбоору коомдук талкууга коюлду.

Никеге туруунун шарттары кандай каралган?

Бүгүнкү күндө жарандар баш кошуу максатында тийиштүү органга арыз беришет. Ошол арыздын негизинде убакыт берилип, нике күбөлүгүн алгандан кийин үй-бүлө курулат. Бирок азыр сунушталып жаткан жаңы кодексте түгөй болууга арыз тапшыргандар медициналык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу кагаздарды алып келиши керек.

Ал минималдуу гана медициналык талаптар. Мисалы, ВИЧке анализ тапшырып, жыйынтыгы кандай болгонуна жараша башка процесстер башталгыча ортодо сүйлөшүү менен чечип алууга болот. Себеби азыркы учурда мындай оору менен жашыруун түрдө никеге туруп алгандар кездешет. Саламаттыгы боюнча бири-бирине туура келбеген түгөйлөр көп.

Статистика боюнча жылына 45 миң үй-бүлө курула турган болсо, ар бир төртүнчү жубай ажырашып жатат. Эмне үчүн? ажырашат деп сурасаң, «мүнөздөрүбүз келишпей, түшүнүшө албай калдык» деп айтышат. Кыз-жигит кезинде баары жакшы болуп, үйлөнгөндөн кийин эмнеге келише албай калат? Себеби бири-бирине дал мүнөз, саламаттык жагынан ылайык келбейт. Бир жылдын ичинде балалуу болбогону үчүн бири-бирин күнөөлөп, ажырашып кеткендер да четтен чыгат.

Миграцияга кеткен ата-энелер балдарын арыз жазып гана таштап кете алат

2023-жылдын статистикасы боюнча, 88 миң баланын ата-энеси эмгек миграциясында жүрөт. Жаңы кодексте балдарды жакындарына таштап кетүүгө атайын жоопкерчилик каралды. Себеби жогоруда айтылган балдардын ичинен 532 бала таптакыр бир туугандык карым-катнашы жок үй-бүлөдө табылган. Эгер жаран чет жакка кетип жатып, баласын жакындарына таштап кете турган болсо, айыл өкмөткө барып, жооптуу өкүл катары тандаган адамды, тууганын көрсөтүп, арыз жазып кетиши керек.

Балага алимент төлөө. Баланын дагы ата-энеге милдеттери

Азыркы үй-бүлө кодексинде жалпысынан алып келгенде атасы тараптан гана алимент төлөп берүү каралган. Буга чейин түгөйлөр ажырашкан учурда балдары энесинде калып, атасы алимент төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Азыркы кодексте атасы менен энесинин укугу бирдей болуп, кимиси баланы алып кала турган болсо ошол төлөшү керек. Ата-энеси бала үчүн алимент төлөп, ошол эле учурда бала ата-энесине да алимент төлөшү керек деген норма киргизип жатабыз. Себеби улгайган ата-энесин таштап кеткендер да көбөйдү.

Азыр карыялар үйүндөгүлөрдүн көпчүлүгү кыргыз жарандары. Ошол жарандардын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар туруп карыялар үйүнө киргизип койгондор көп кездешет. Ушундай жарандын жоопкерчилигин күчөтүү максатында алиментти киргизип жатабыз.

Эгер төлөбөй башка мамлекетке кеткен болсо, былтыркы кабыл алынган мыйзам боюнча ошол өлкөдө туруп төлөй турган болуп калат.

Маектин толук варианты төмөнкү видеодо. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM