Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Денис Петрашов Азиянын үч жолку чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 1 Мар 2024 | 378 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Филиппинде өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында дагы бир алтын медаль утту.

29-февралда 8 суучулдун катышуусунда 200 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча финалдык жарыш болуп өттү.

Кыргызстандык Петрашов 2 мүнөт 12,89 секунд көрсөткүч менен биринчи болуп келип, Азия чемпиону аталды.

Денис Петрашов бул аралыкта 2019-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында чемпиондук титулун коргогон.

Буга чейин Филиппиндеги турнирде Петрашов 50 метрге брасс стилинде сүзүүдө алтын медаль тагынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM