Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык мушкерлер Италияда лицензиялык турнирге катышат

Кыска кабар , Спорт | 29 Фев 2024 | 319 | 0

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Италияда өтө турган лицензиялык турнирге катышат.

Биринчи дүйнөлүк турнир Бусто-Арсицио шаарында 3-11-март күндөрү өтөт. Турнирдин жыйынтыгы менен Парижде боло турган олимпиада оюндарына жолдомолор берилет.

Жолдомолор ар бир салмактык категория боюнча 4 спортчуга берилет.

Кыргызстандын курама командасында 7 спортчу башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетекчилиги алдында катышат.

Азыркы тапта спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандын курама командасынын Париждеги олимпиада оюндарына лицензиясы жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM