Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Талас району чемпион болду

Кыска кабар , Спорт | 23 Фев 2024 | 418 | 0

Бишкектин «Аккула» ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча райондор аралык өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.

Турнирге өз облустарынан жеңип келген жети райондун жана Бишкек, Ош шаарларынын көк бөрү командалары катышкан.

Оюндардын финалында Талас району Ак-Суу районун жеңип алып, чемпион аталса, жеңилген район экинчи орунду ээледи. Ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште Сокулук району менен Сузак району бет келип, жеңишти Сокулуктун көк бөрүчүлөрү алып кетти.

Айта кетсек, райондор аралык өлкө чемпионаты Кыргызстандын спорт тарыхында биринчи жолу өттү. Мелдешти Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы менен Көк бөрү федерациясы уюштурган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM