Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты башталды

Кыска кабар , Спорт | 22 Фев 2024 | 407 | 0

Бүгүн, 22-февралда Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты башталды.

Ачылыш салтанатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Бишкек мэриясынын, Бильярд федерациясынын өкүлдөрү барышты.

Бильярддын «Эркин пирамида» түрү боюнча өтүп жаткан бул Дүйнө биринчилигине 19 жашка чейинки улан-кыздар, өспүрүмдөр катышат.

Мелдешке 6 мамлекеттен 42 улан, 16 кыз, жалпы 58 спортчу келген. Кыргызстандан улук машыктыруучу Акжол Мавлянов жетектеген 16 спортчу күч сынашат.

Кыргызстан командасынын курамы: Аяна Исабаева, Уулкыз Маматкадырова, Байдөөлөт Төлөнбаев, Артур Огобаев, Нурсултан Таштанбеков, Нурбол Бектемиров, Артур Акылбеков, Азирет Орозонов, Алишер Темир уулу, Элдияр Эркегулов, Эржан Карабеков, Жылдызбек Мурзаев, Нурбайыл Абдыкаров, Кубаныч Мадиярбек уулу, Адил Токоев, Бакыт Арстанбапов.

Дүйнө чемпионаты 25-февралда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM