Биз менен байланышыңыз

Сууга түшүп кеткен «Айфонду» кантип кургатуу керек?

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 224 | 0

«Айфон» телефону кокустан сууга түшүп кетсе, кургатуу үчүн күрүчтү колдонбоо керек. Себеби смартфонго зыян тийгизиши мүмкүн. Бул нускаманы Apple компаниясы расмий сайтына жазды.

Компания андан тышкары атайын кургаткычтар менен кургатууга болбосун, кебезди же салфетканы смартфондун кубаттоо туташтыргычына салбоону эскерткен.

Суу болгон «Айфонду» жөн гана кубаттоо туташтыргычын ылдый каратып, жел тийген жерге калтырып коюуну сунуштайт. Эң аз 30 мүнөттөн кийин гана уюлдук телефонду күйгүзүп же кубаттап көрүүгө кеңеш берет.

Интернеттен «күрүч смартфондун угуу шайманындагы нымдуулукту кетирүүгө жардам берет» деген көптөгөн көрсөтмөлөрдү таба аласыз. Бирок изилдөөчүлөр күрүч смартфондорду кургата албасын буга чейин да айтып келген. Мындан тышкары эксперттер күрүч мобилдик түзүлүштөрдүн компоненттерин бузууга жөндөмдүү экенин эскертишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM