Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда тергөө абактын башчысы УКТ мүчөлөрү менен кошо камалды

Кыска кабар | 22 Фев 2024 | 104 | 0

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына караштуу тергөө абактын мурдагы башчысы камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө абактагылардан акча өндүрүп берип турган» деген айып коюлууда.

Маалым болгондой, тергөө абактын кызматкерлери кылмыштуу топтун адамдарына камераларга каалагандай кирип чыгуусуна шарт түзүп беришкен. Алар камакта отургандарды сабап, ири суммадагы акчаларды талап кылып турушкан. Алардан өндүргөн акчалардан абак башчысы, ал жерде иштегендер да «кызмат акы» алып келген.

Андан тышкары кылмыштуу топтун адамдары камактагылардын туугандарына, жакындарына телефон чалып, «MegaPay», «O!Money», «МБанк» электрондук капчыктарына акча которууга мажбурлашкан. 2023-жылы алардын ушул өңдүү жолдор менен топтогон акчасы 6,5 млн сомдон ашкан. Ал акчаларды кийин «жалпы фондго» которушканы такталган.

Кечээ, 21-февралда тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында абактын мурдагы башчысы С. уулу Н. Ош шаарындагы №25 тергөө абагынын «положенеци» А.Т.К., Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу тергөө абагынын «смотрящийи» М.М.А. УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM