Биз менен байланышыңыз

УКМК МАИ башчысынын орун басары кармалганын тастыктады (сүрөттөр)

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 145 | 0

УКМК Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана бөлүм башчысы, ошондой эле автомектептин директору кармалганын билдирди.

Алардын 19-февралда кармалганы, мыйзамсыз акча алууга шектелип, «коррупция» беренесине айыпталып жатышканы айтылды.

Тергөөдө айтылган адамдардын унааларга газ баллондорун орнотууга уруксат берүүдө коррупциялык схема түзгөнү аныкталганы маалымдалды.

Айта кетсек, буга чейин бир катар маалымат каражаттары ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков менен техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Адил Нефтулаевдин кармалганын жазып чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM