Биз менен байланышыңыз

Татарстанда Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 198 | 0

Бүгүн, 21-февралда Татарстандын борбору Казань шаарында Кыргызстандын башкы консулдугун ачуу салтанаты өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Салтанатка тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Мурат Азымбакиев, Кыргызстандын Татарстандагы башкы консулу Эрик Бейшембиев катышты.

Андан тышкары Орусиядан, Татарстандан да бир катар бийлик өкүлдөрү, Казань шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары да келишти.

Башкы консулдук Татарстан, Башкыртстан, Марий, Мордовия, Удмуртия, Чувашия республикаларын, Ульяновск облусун көзөмөлдөйт.

Айта кетсек, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров учурда Татарстанда иш сапар менен жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM