Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна манасчылар паркы салынат

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 265 | 0

Ак-Суу районуна манасчылар паркы салынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Парктын эскиздик долбоорун агенттиктин Ак-Суу райондук бөлүмү иштеп чыккан. Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Теплоключенка айылынын батыш тарабынан жер бөлүнгөн.

Паркта «Манас» айтууга, Нооруз майрамын өткөрүүгө, көргөзмө жыйын уюштурууга, музей катары колдонууга шарт түзүлөт.  Андан тышкары сейил бак катары да, меймандарга сый көргөзгөн жай катары да пайдаланылат. Анын негизинде наамына ылайык айкелдик композициялар орнотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM