Биз менен байланышыңыз

Ошто милиция кызматкеринен акча талап кылган жигит кармалды (видео)

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 228 | 0

Ош шаарында милиция кызматкеринен акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

18-февралда Курманжан Датка көчөсү менен Моминов көчөсүнүн кесилишинен Ош кайгуул милициясынын кызматкери 1992-жылы туулган Т. М. аттуу жигитке Укук бузуулар кодексинин 190-беренесинин (жөө жүргүнчүнүн жол эрежесин бузуу) негизинде протокол толтурган.

Т.М. аны телефонуна тартып алып, Ош шаардык милициясына арыз жазган. Ал каттоого алынып, териштирүү башталган.

Андан кийин Т.М. видеону интернетке чыгарбоо үчүн милиция кызматкеринен 150 миң сом талап кылган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен иш козголгон.

Ош милициясынын ички иликтөө кызматы 40 миң сомго атайын белги коюп, коркутууга кабылган милиция кызматкерине беришкен. Ал Т.М.га тапшырган.

Ошол эле күнү ички иликтөө кызматы «Бакыт» үйүнүн алдынан Т.М.ны кармап, тинтүү жүргүзгөндө, белги коюлган акча жанынан чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM