Биз менен байланышыңыз

Министр кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазычылык билдирди (видео)

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 916 | 0
Сүрөт видеодон кесилди

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева аба ырайынын катаал шартына карабай, сабагын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 20-февралда бел кырчоодон келген карды жиреп бараткан мугалимдердин видеосу тараган.

Министрликтин айтымында, видеодогу мугалимдер Дамира Султанбаева менен Бактыгүл Дадакеева Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында Т. Асанбаев атындагы орто мектепте эмгектенишет.

Айылда техника жетишпей, калың кар тазаланбай калган. Ага карабастан мугалимдер жумушка толук чыгышкан.

Айтылган мектепте 163 окуучу билим алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM