Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Монголияга 18 тонна кылчык жүн жөнөтөт

Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 161 | 0

Кыргызстан Монголияга 18 тонна кылчык жүн жөнөтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министр Бакыт Төрөбаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содн Ганхуяг менен жолугушкан. Анда айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана жергиликтүү продукцияны Монголияга экспорттоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү талкууланган.

Бакыт Төрөбаев кыргыз тарап 18 тонна кылчык жүндү органикалык жер семирткич катары кайра иштетүү үчүн Монголияга экспорттоого даяр экенин билдирген.

Сүйлөшүүнүн алкагында Кыргызстандын Ветеринардык кызматы менен Монголиянын Ветеринардык кызматынын ортосунда меморандумга кол коюу маселеси каралган.

Бул документ ветеринардык көзөмөл жана маалымат алмашуу чөйрөсүндө натыйжалуу иштешүүнүн пайдубалын түптөп, өндүрүмдүн сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга жардам берери айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM