Биз менен байланышыңыз

Таиланддын курорттук аралында коркунучтуу вирус пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2024 | 405 | 0

Инди океанындагы Таиланд мамлекетине караган Пхукет аралында таң каларлык вирус пайда болду. Бул маалымат Shot Телеграм-каналына жарыяланды.

Вирус жугузган туристтердин дене табы 39 градуска чыгып, көк жөтөлгө кабылып, бир нече жумадан бери оор акыбалда жатканы, дарыгерлер илдетке так диагноз коё албай жатышканы айтылды.

«Жергиликтүү дарыгерлер жазып берген какырыкты чыгаруучу жана вируска каршы дарылар да жардам бербей жатат», — дешкен бейтаптар.

Саякатка келгендер эс алуу убактысы аяктаганына карабай, өлкөлөрүнө кайтып кете албай жатышат. Арасында үй-бүлөсү менен кошо ооруп калгандар да бар экени маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM