Connect with us

Кыргыз жарандыгын алуудагы жол-жоболор тууралуу юрист менен маек

Блог , Пикирлер | 20 Фев 2024 | 1775 | 0

Укук коргоочу, БУУнун Качкындар агенттигинин «Нансен» сыйлыгынын лауреаты, I belong компаниясынын Кыргызстандагы аткаруучу өнөктөшү Азизбек Ашуров «Маралдын» түз эфиринде жарандыгы жок адамдарды аныктоо, аларга көмөк көрсөтүү, мыйзамдардагы карама-каршылыктар, эл аралык стандарттар тууралуу айтып берди.

Он жылда 13 миңден ашык адам жарандык алды

2014-жылы БУУ дүйнөдө жарандыгы, документи жок адамдар 30 миллиондон ашып кеткенин жарыялап, бул маселеге бардык өлкөлөрдүн көңүлүн буруп, аны чечүү үчүн атайын кампания баштаган. I belong деген он жылдык өнөктүк башталган. Негизги максаты 10 жылдын ичинде жарандыгы жок адамдардын санын кескин азайтуу болгон. Ар бир өлкө атайын милдеттенме алган, өзүнүн аймагындагы документи жок жарандардын санын аныктап, аларга тез аранын ичинде жарандык берүүгө милдеттендирилген.

2014-жылы биз мамлекет менен чогуу 68 атайын мобилдүү топ түзүп, 2019-жылга чейин өлкөнүн бардык аймагында иштедик. Он жылда 13 миң 707 жарандыгы жок адам катталды, ошонун баарына 2019-жылы Кыргызстандын жарандыгы берилген.

Долбоор мындан ары да иштейби?

Бул долбоор 10 жылдык болгону үчүн быйылкы жылы бүтөт. Бирок дүйнө жүзү боюнча болжолдуу түрдө 10 миллиондой адамдын жарандыгы дагы эле жок деп айтылат. Бул сан да так эмес, себеби жарандыгы жок адамдарды эсептөө кыйынга турат. Булардын мыйзамдуу иштегенге, мамлекеттик, медициналык жардамдарды алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.

БУУ 2030-жылга чейин чоң алянс түзүп жатат. Быйыл ошол алянстын ачылышы өтөт. Бул жарыялангандан кийин мамлекеттер, жеке менчик уюмдар жана бизнес түзүмдөр да мүчө боло алышы мүмкүн. Биз азыр мүчө болууга арызыбызды бердик. Биздин коомдук бирикме Орто Азиядагы беш мамлекеттин башын бириктирип, беш уюм, үч университет «Борбордук Азия жарансыздык» уюмун түзгөнбүз.

Жарандыгы жок адамдар кантип пайда болуп калды?

Союз бузулуп жаңы эгемендик алган өлкөлөр өзүнүн аймагындагы элди «өзүнүн жараны» деп кабыл алышы керек болчу. Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыздыкты алса да, биринчи жолу 1994-жылы 18-февралда Кыргыз Республикасынын жарандыгы тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзам гана баарынын жарандыгын аныктаган. Ага чейин эл СССРдин жарандыгын көтөрүп жүрүшкөн. Бул мыйзам боюнча өлкөдө жашаган адамдар гана Кыргызстандын жараны болуп эсептелген. Ал эми сыртта миграцияда иштеп, окуп жүргөн адамдар болгон. Ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин жер которуп келгендердин арасында ушундай жарансыздык пайда болуп калган.

Андан тышкары дагы башка категориядагы адамдар убагында катталбай, паспортунун мөөнөтү бүткөндөн кийин алмаштырбай же чет өлкөдө биздин жарандар менен никеге туруп, өлкөгө келип жашап калган жарандар болгон. Айрыкча чек аралаш Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары менен никеге туруу көп кезиккен. Эгерде алардын жарандары чет өлкөгө туруктуу жашоого кетип, беш жылдын ичинде консулдук каттоого турбаса, жарандыгын жоготот деген мыйзам бар болчу. Ал эми жөнөкөй адамдар андай нерселерди билген эмес. Мунун натыйжасында көпчүлүгү жарандыгын жоготуп коюшкан.

Биздин сунуштар менен жарандык мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары жарандуулуктан баш тарткан учурда Орусиянын жарандыгын алам деп, ала албай калган учурлар көп кездешет. Орто жолдо жарандыгы жок калган учурлар көп. Ошондуктан былтыркы жылы 22-февралда Кыргыз Респуликасынын жарандуулук мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Башка жактын жарандуулугун ала албаса, өз өлкөсүнүн жарандыгынан себепсиз баш тартканга мүмкүнчүлүгү жок. Башка өлкөнүн жарандыгын тастыктаган документти алып келмейинче Кыргызстандын жарандыгынан чыкпайт.

Жарандык алуу жолдорун жеңилдетүүгө болобу?

Ар бир бала төрөлгөндө каттоо маселеси көйгөй жаратат. Ошол процедураны да мүмкүн болушунча жеңилдетүү керек. Бул кайра эле ата-эненин документтеринин толук болушуна келип такалат. Себеби бирөөсүнүн мөөнөтү өтүп кеткен, дагы бирөөсү миграцияда жүргөндүктөн каттоого алынышы кыйынга турат. Кээ бир тоолуу аймактарда үйдө же жайлоодо төрөп калган учурлар болот. Эгер төрөлгөндөн кийин 72 сааттан өтүп, бирок медициналык кызматкер төрөлүү боюнча каттоону түзбөсө, анда жарандар сотко кайрылышы керек. Бул өтө оор процедура болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM