Биз менен байланышыңыз

Бермет Төрөниязова: Стюардесса кесиби кыздарга абдан пайдалуу

Блог | 19 Фев 2024 | 864 | 0

Бермет Төрөниязова башкы кеңсеси Дубайда жайгашкан дүйнөдөгү эң ири авиакомпаниялардын бири Emiratesте стюардесса болуп иштейт. Ал Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. 1-класстан 8-класска чейин Ноокат районунун Жийде айылындагы орто мектепте окуган. Андан кийин 11-классты Ош облустук Уркуя Салиева атындагы лицей-мектеп интернатында аяктап, Ош мамлекеттик университетинде англис тили факультетинде окуган.

Стюардесса болуу үчүн биринчи кезекте ден соолук чың болушу керек

Стюардесса кесибинде иштегениме бир жылга жакындап калды. 2023-жылдын май айында киргем. Бул жумушта иштегендердин ден соолугу чың болушу керек. Себеби ар бир каттамга чыгып, учакта учуп жүргөндө иммунитет түшүп, көңүл чөгүүгө көп кабыласың. Мен иштеген компаниянын жеке клиникасы бар. Ал жактан бизге сасык тумоого, коронавируска жана башка вирустарга каршы вакциналарды берип турушат.

Мындан тышкары денени чыңдоо үчүн атайын спорт залдарга барабыз. Кайсы жерге барбайлы, компания мене кызматташкан беш жылдыздуу конок үйлөр бар. Алардын ар биринде спорт менен машыгуу үчүн атайын зал, бассейн жана мончо салынган. Иммунитетти көтөрүү үчүн дайыма барабыз.

Стюардесса болуу үчүн коюлган талаптар тууралуу айтсам, биринчи кезекте ден соолугуң чың болушу керек; өнөкөт ооруларың жок болушу керек; боюң 160 сантиметрден жогору болушу шарт; ошондой эле келбетиңе да маани беришет.

Алгачкы жолу каттамга чыкканда аябай сүрдөгөм

Биринчи жолкусу жөн гана үйрөнүүчү каттам болот. Эки жолу чыгасың. Анда учкучтар менен чогуу отурасың. Бизде учактын эки түрү бар: Аirbus a380-800 жана Boeing 777-300. Ар бир учакта окутуу-үйрөтүү каттамы болот. Машыгуу иретинде Мальдивге учкам. Күн чыгып келе жатканда учканбыз. Жаратылыштын ушунчалык кооздугуна күбө болгом. Ал сезимдерди сөз менен жеткире албайм. Айрыкча Күндүн шапак нурлары булуттарды кызгылт түскө боёгону өзгөчө кооз көрүнгөн. Биринчи жолку каттамымда ушул нерселер жаккан. Жумушка кирип, кызматкер катары алгач эле Жапонияга учкам. Бул өлкө биздин ишкана үчүн эң жакшы жерлердин тизмесине кирет. Жапония — өтө кызыктуу өлкө. Ал жакка барып, каттамдан кийин кесиптештерим менен Нарита шаарын айланып чыкканбыз.

Биринчи жолу учканда толкундануу сезимдери болгон. Себеби окуганың башка, аны тажрыйбада колдонуу такыр башка. Башында сүрдөп, эмне кылышты билбей каласың. Учакка чыкканда жүргүнчүнүн баары сени суктанып карашат экен. Аны билген эмесмин. Сүрдөп, уялгам. Учурда көнүп калдым. Мындан тышкары эки жакка бассаң, баары сени карашып, видеого, сүрөткө тарткан учурлар да болот.

Бул кесиптин оң жана терс жактары

Ар бир кесиптин оң жана терс жактары бар. Жакшы жактары жумуш учурунда эл-жер көрөсүң, дүйнөнү кыдырасың. Жаңы адамдар менен таанышып, достошосуң. Сага чоң тажрыйба болот. Себеби биздин ишканада дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген адамдар иштейт. Ал жерде адамдын улутуна же динине каралбайт, баарынын укугу бирдей. Ар кайсы улуттун адамдары менен иштешүүдө тажрыйбаң топтоло берет. Мындан тышкары жакындарың биздин компания менен учса, арзандатуулар болот. Муну менен катар сага акча да төлөнөт.

Терс жактары убакыт аябай тез өтөт. Каттамдар ар кандай саатка туура келип калат. Мисалы, бир күнү кечинде, бир күнү эртең менен учасың. Кээде сааттарда айырма болуп калат, мисалы, түнү учсак, биз барган өлкөдө эртең мененки убак болуп калат. Жеке жашооңо да зыяны тиет кээде. Себеби бир жерде такай жүрбөйсүң. Туруктуу режимиң болбойт. Бирөө менен жолугам деп, жолуга да албай каласың. Иш график туура келбей калган учурлар көп болот. Жалпысынан жеке жашооңду куруу бир аз кыйыныраак болот.

Иш графиги бизде экиге бөлүнөт. Бирөөсү учуп, кайра эле кайтабыз. Башкача айтканда, кыска учуулар. Ал эми экинчиси, иш сапардык учуулар. Бир айда 5-6 башка өлкөгө учуп барып, бир күн калып, кайра кайтып келсе болот. Барып эле кайтып келген учуулар айына эки жолу коюлат. Ар бир айга иш графигин айдын он алтысы алабыз. Бир ай мурун алабыз. Ошондой эле кайсы жакка баргың келсе, өтүнүч калтыра аласың. Эгер ишканага ыңгайлуу болсо, сени каалаган жагыңа жөнөтөт. Кайсы күнү дем алууга чыккың келсе да, сурансаң болот.

Бул кесип айымдар үчүн оор деп айта албайм. Жеке жашоосунда кыйыныраак болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүү айымдарга оор болушу мүмкүн. Бирок ар кандай адамдар менен аралашып, эл-жер көрүү эч кандай кыйынчылыкка жатпайт деп ойлойм. Тескерисинче, айымдарга пайдалуу, керектүү, туура кесип деп эсептейм. Биздин ишкананын 80 пайызы айымдар, 20 пайызы гана эркектер.

Компанияда иштеген кыргыз кыздары көбөйө баштады 

Биринчи компанияга киргенде кыргыздар менен такыр учкан эмесмин. Ишканада 20 миңдей кесиптешим бар. Ар бир каттамда ар кандай адамдар менен учасың. Тогуз айдын ичинде бир учкан адамым менен кайра учкан жокмун. Жаңы жумушка киргенимде кыргыз кыздар жок болчу. Чогуу такыр учкан эмесмин. Акыркы үч айда кесиптеш кыргыз кыздары менен көп уча баштадым. Акыркы жолу Шри-Ланкага үч кыргыз стюардесса чогуу учканбыз. Азыркы учурда бул тармакта иштеген кыргыз кыздар көбөйө баштады.

Чет өлкөдө иштейм дегендерге тил үйрөнүүнү сунуштайм

Негизи эле «сыртка чыгып иштейм, эл аралык жумуштарга кирем» дегендерге биринчи кезекте тил үйрөнүүнү сунуштайм. «Англис тилин үйрөнгүлө» деп айтам. Кыргызстанда ар кандай эл аралык уюмдар бар. Мындай уюмдарга ыктыярчы болуп кирип, тажрыйба топтосоңор болот. Мен иштеген компания 21 жаштан жогоркуларды алат. Анткени учакта алкоголдук ичимдикке тапшырык бергендер да болот. Ошондуктан мыйзамдуу түрдө 21 жаштан жогору болушу керек. Мындан тышкары башка кызматтар да бар аэропортто. Аларды 19 жаштан ала берет. Чет өлкөгө чыгып, жакшы жумуштарда иштөө үчүн англис тилин билүү маанилүү.

Компанияга төртүнчү жолу тапшыргандан кийин өткөм. Ата-энемдин колдоосу жардам берди

Бириккен Араб Эмираттарына биринчи маникюр жасаган кызматкер катары келгем. Башында үйдөгүлөр каршы болушкан. Биздин элде ар кандай стреотиптер бар. Өзүм жумуш таап, жумуш берүүчү менен ата-энемди тааныштыргандан кийин макул болушту. Маникюр жасап иштеп жүргөндө кардарлардын арасында азыркы компанияда иштеген кесиптештерим жасатып кетчү. Ошолор сунуштап, стюардесса болушума жардам беришти. Бул жаңылыкты ата-энем да колдоду. Биринчи жолу кире алган эмесмин. Төртүнчү аракеттен гана өттүм. Ар бир жолу өтпөй калганда ата-энем колдоо көрсөтүп турду. «Дубайга жаңы эле бардың, азырынча жакшы билбейсиң» дешкен. Кыргызстанда жүргөндө англис тилинде тажрыйба жок болчу. Бул жакка келгенде сүйлөгөндөн уяла берет элем. Бул дагы өтпөй калышыма себеп болгон деп ойлойм. Үйдөгүлөр кайра барып, тапшыра бер деп шыктандырып турушкан. Үчүнчү жолу кулаганда болду барбайм деп чечкем. Бирок үйдөгүлөр себепчи болуп кайра тапшырып, өтүп кеттим.

Кичинекейимден ата-энеме чет жактарды көрсөтүүнү кыялданчумун. Менин кыялым жумушум себепкер болуп орундалды. Быйыл ата-энемди Дубайга чакырдым. Андан кийин Сауд Аравиянын Мекке шаарына алып бардым.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM